Депутаттар айлыктар боюнча  айтып жатышат. Бул маселени тереңирээк караш керек. Кыргызэнергохолдинг жана башкалар боюнча. Мамлекеттик мекемелердеги иштеп жаткандар  өлкөбүздү саап, такыр эле тойбой жатышат. Өкмөт айлыктар боюнча айтылгандарга эч кандай көңүл бөлбөй келүүдө. Мындай пикирин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.

Бакыт Төрөбаев: “Сый акы алып жатса, кошумча айлык алышса эмнени негизинде алып жатат? Аны бир териштирип койбойлубу. Ошондуктан «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын чечимин чыгарып берели. Ким жаман? Депутаттар жаман. Бюджетти Жогорку Кеңеш кабыл алып жатат. Алар талкалап жатат деген сөздөр жүрүп жатат. Айлыктарды өкмөт кармайт.  Бюджетти биз кармабайбыз. Бюджет толугу менен өкмөттүн колунда”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз