Кыргызстанда 25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат.
Мындай чечим өлкөдөгү таажылуу вирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык кабыл алынды.

КРнын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө ичинде Республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алышат.

Белгилүү болгондой, ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана кайра аталган шаарлардан жүргүзүлчү

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.