Бүгүн Жогорку Кеңеш 2017-жылга карата КР Башкы прокурорунун отчетун, ал эми эртең 31-майда КТРКнын Байкоочулар кеңешинин отчетун угат. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы мурдатан эле билдирген болчу.

Ал маалыматтарга караганда, мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчетун угуу болот.

Эске сала кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берген болчу.

Ошону менен катар эле  эртең жалпы жыйында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Байкоочу кеңешинин отчетун угушат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.