Бүгүн, 25-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Жогорку Кеңеште ант берди.

“Билим берүү жана илим министри кызматына киришип жатып өз элимдин, президенттин, Жогорку Кеңештин алдында,  мыйзамдарды жана өз ишимди так аткарууга ант беремин. Берген антымды бузган учурда мыйзамдарга ылайык, жоопкерчилик тартканга даярмын”, – деди Исаков.

Аталган жыйынга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышты.

Эске салсак, аталган кызматты мурда Гүлмира Кудайбердиева ээлеп, ал 4-сентябрда бошотулган.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.