Президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү, чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуз жашоо-тиричилигин камсыз кылуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер тажик тарап менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө  даяр экендигин билдирди. Жолугушуу эртең, 14-январда, чек ара аймагында өтө турганын маалымдады.

Кеңешмеге КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев катышышты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.