Бул тууралуу саясатчы Бекболот Талгарбеков абактан бошогондон кийин маалымдаган.

Бекболот Талгарбеков: “Төрөбай Колубаевдин соту 14 – мартта Жогорку сотто өтөт. Себеби, мен андан мурда сотко арыз жазгам. Менин артымдан ал да Жогорку сотко арыз жазган. Менин жеке көз карашым боюнча Жогорку сот мени актагандан кийин аны да актайт болушу керек”-деди.

Эске сала кетсек, 7-март күнү “Элдик парламент”  коомдук кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков абактан бошотулган. Мындан эки жыл мурда мурдагы Атамбаевдин бийлиги сотторго басым жасоо менен бийликти күч менен басып алуу беренеси менен Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 14 жылдан жаза мөөнөтүн берген болчу.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз