12-апрелден 13-апрелге  караган түнү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун 16 -чакырымында жол кырсыгы катталды. Кырсыктан “Ауди-6”  үлгүсүндөгү унааны башкарып келаткан 1996-жылы туулган Кубанычбек уулу Алтынбек каза болгон.

Күбөлөрдүн айтымында,  “Ауди” унаасы Улахол айыл аймагындагы сарайлар тараптан катуу ылдамдыкта чыгып,  Бөкөнбаевти көздөй багыт алган. Бирок,  алыс узабай чукул бурулуштан башкарууну жоготуп жол четиндеги шагыл жолдон тайгаланып,  аласалып кеткен. Окуянын күбөсү ошол замат 102 жана 103 кызматына жол кырсыгы тууралуу маалымат берген.

“Мен Бишкектен келаткам. Балыкчыдан өткөндө Тоң районун көздөй кеткен жолдун четирээгиндеги сарайлардан чаңытып эле бир унаа чыгып,  бизден озуп өтүп кетти. Болжолдуу убакыт менен 5 мүнөткө жетпей,  баягы бизден озуп өткөн машина жолдун сол жак тарабында талкаланып жатканын көрдүк. Түнкү 12:30 дар чамасы болчу. Жабырлануучулар болсо жардам берели деген максатта токтоп,  машинанын жанына келдик. Салондун ичинен эч кимди көрө алган жокпуз. Айдоочусу машина тоголонгондо 10 метрге чукул аралыкка ыргып кетиптир. Ал биз жеткенде  үнү кырылдап  оор абалда жаткан. Кийинчерээк чакыртылган тараптар келгиче үзүлүп кетти”,- деди күбө Максатбеков Калыбек.  

Каза болгон 22 жаштагы айдоочу Бишкек шаарында жогорку окуу жайларынын биринде студент болгон. Ал бир күн мурда борбордон айылга келип атасына таандык “Аудини”  уруксатсыз айдап чыгып кеткенин маркум жигиттин туугандары билдиришти. 

Кырсык боюнча Тоң райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүнүн кызматкерлери жана РИИБинин ыкчам тергөө тобу келип жеринен иликтеди.

Илязбек  Балташев, Булак: NewtV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз