Бүгүн эртең мененки саат 9:00дөн кечки 17:00гө чейин борбор калаабыздын кээ бир райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

“Бишкексууканал” ишканасы “Киркомстром” суу топтомосунда оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу төмөнкү даректер боюнча ысык сууну өчүрөт:

-Дэн Сяопин, Абакан, Мурманск, Садыгалиев, Волков жана Кустанай көчөлөрү, алардын ичинде «Бишкектеплоэнерго» комуналдык ишканасы, АООТ «БСМ», ОсОО «Нургаз», доктор Бекбоевдин медициналык борбору, ЧП «Васипов» наавайканасы, «Счастливая страна» бала бакчасы, балдарды коргоо борбору, №37-балдар комбинаты, №42- орто мектеби, № 97632-аскер бөлүмү.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, уюмдарды жана ишканаларды алдын ала суу менен камсыздап алууну өтүнөт.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз