Бүгүн өлкөнүн  көпчүлүк жерлеринде  кардын жаашы күтүлөт, ошондой эле  туман каптайт. Мындай маалыматты  ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Бишкекте күндүз 1, түнкүсүн 3  градуска чейин суук болот. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 16 градуска чейин суук болот. 

Маалыматка караганда, 13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.