Президент  Сооронбай Жээнбеков  кечээ 14-апрелде эки күндүк расмий иш сапары менен Германияга барды. Сапардын биринчи күнү  экономикалык блокко арналат. Мамлекет башчысы кыргыз-немис экономикалык форумга катышат,  Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөйт, айыл-чарба ишканасына барат.

Мюнхен шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы,  Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Германияда иштеп, жашаган кыргызстандыктар менен жолугушат.

Бүгүн  Президент Сооронбай Жээнбеков  Берлинде ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары пландаштырылган. Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель массалык маалымат каражаттарына  билдирүү жасашат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы  тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз