Бүгүн, А.Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин жетекчиси дайындалат. Бул тууралуу биздин порталга  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен ишенимдүү булак билдирди.

Бирок азырынча ким болору белгисиз.

Эске салсак, кечээ аталган мекеменин 35 кызматкери жумуштан кетүү арызын жазган. Артисттердин мындай кадамга баруусуна директордун туура тандалбай жатканы түрткү болгон. Ошондой эле, 21-январь күнү цирктин 40кка чукул кызматкери Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан.

https://newtv.kg/tsirktin-35-kyzmatkeri-zhumushtan-ket-aryzyn-zhazdy-video/

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.