Дача – Су айылындагы кырсыкка туура эки жыл толду. 2017-жылдын 16 – январында Чүй облусунун  Дача-Су айылында «Боинг-747» учагы кыйрап, бир топ үйлөрдү басып калган.

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Дача Су айылындагы кырсыктан улам жетим калган балдар жана жабыркагандар менен жолугушуп, аларага көңүл айтуу менен узак өмүр каалаган.

Ал эми бүгүн  Дача-СУ айылында учак кырсыгынан курман болгондор эскерилмекчи. Эскерүү жыйынына бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркаган жашоочулар, маркумдардын туугандары катышышат.

Эске сала кетсек, Дача Су айылындагы кырсыктан 4 учкуч,  35 жашоочу каза болуп, бир нече турак үйлөр кыйраган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.