Бүгүн, 15-апрелде, Бишкектин 39 көчөсүндө жарык өчөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан билдирди.

Дүйшөмбү күнү трансформаторлорду оңдоо, электр чубалгылары менен түркүктөрдү жаңылоо, түздөө иштери аткарылат.

Электр энергиясы үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09:00-14:00 — “Бакай-Ата” жаңы конушу (Ырчы-Уул, Ак-Балта, Анар көчөлөрүндө);
  • 09:00-18:00 — Токтогул көчөсүндөгү №62 үйдө, Көлбаев менен Кажи-Сай туюк көчөсүнүн кесилишинде;
  • 09:30-17:00 — Чүй проспектисиндеги №130, 134 үйдө, Шевченко, Киев, Турусбеков жана Сыдыков көчөлөрүндө;
  • 09:30-18:00 — Исанов көчөсүндөгү №139 үйдө, Садыгалиев, Жамгырчинов, Патрис Лумумба, Лев Толстой, Чайков көчөсүндө жана Гатчинск туюк көчөсүндө электр энергиясы болбойт. Ошондой эле Гагарин, Садырбаев, Купянский, Асаналиев, Матыев, Туюк, Леваневский, Абдыкадыров, Островский, Красный, Айни, Чапаев көчөлөрүнө да жарык берилбейт. Андан сырткары, Поваринский, Серафимович, Курчатов, Ташаузский көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы жок болот.
  • 12:00-17:00 — Акылбеков, Курманалиев, Достоевский, Хива жана Воронеж көчөсүндө электр энергиясы болбойт.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз