2019-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу биометрикалык паспорттун негизинде 2019-жылдын 9-январынан 31-январь, саат  17:00гө чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер Кыргыстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынышмакчы. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Талапкерлерди Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт (2019-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз