Бүгүн өлкөбүздө таажылуу вирустан каза болгондордун жаркын элесине арналган аза күтүү күнү.
Беш айдын аралыгында биздин өлкөдө расмий маалыматтар боюнча аталган илдеттен бир жарым миңге жакын адам каза болду.
Чындыгында бул сандар мынданда көп болушу мүмкүн.
Анткени бүт дүйнө өлкөлөрүндө расмий көрсөткүчтөр менен чыныгы сандардын ортосунда өтө чоң айырма болуп жатат.
Албетте пандемия башка өлкөлөр сыяктуу эле бизге да чоң сыноо болуп турат.
“Бардыкын баарын чачам, жоктукун көчүгүн ачам” деген өлүктүн антындай эле бай мамлекеттер бар каражатын чачып, элин колдон буттан колдоп жатат.
Бизге окшогон жакыр өлкөлөрдүн көчүгү көрүнүп атыр.
Мамлекетибиз жарды болсо да, элибиз бакубат экен байларыбыз аянган жок.
Колунда жокторго, колунда барлар кол сунуп апаатка туруштук берип келе жатабыз.
Кыргыз элинин эзелки ынтымак, биримдиги ар кандай оор сыноолорду ушинтип жеңип келген эмеспи.
Буйруса бул жолу да ынтымак, биримдик менен жеңебиз.
Анан жамандыктын арты жакшылык дегендей эртең бүт мусулмандардын улуу майрамы болгон Курман айт майрамы.
Аллахтан аянбай көп көп жакшылыктарды сурап, дуа тилектерди кылалы.
Айт маарек болсун!

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.