Мурдагы бийлик учурунда ЖКдагы “Ата Мекен” фракциясынын көптөгөн депутаттарына кылмыш иши козголуп, саясый куугунтукка кабылышканын айтып келишет. Бийлик алмашкандан бери мурдагы фракция лидери Ө. Текебаевден баштап актоо аракеттери башталгандыгы маалым.

Бүгүн жогорку сотто экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын соту болушу күтүлүүдө. Мындан мурдараак сот жараяны адвокат ооруп келбей калганына байланыштуу жылдырылган эле.

Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен айып тагылган. “2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.