Бул күн БУУнун демилгеси менен белгиленип келет. Дүйнө калкынын жана өнөр жайлардын тынымсыз өсүп жаткандыгына  байланыштуу жыл сайын суулар булганып, анын көлөмү азайууда.

Суусуз жер бетинде жашоо жок. Бирок анын маанисин адамзат али күнчө толук биле бербейт. Атайын изилдөөлөргө караганда  Финляндиядагы  суулар эң таза экендиги аныкталган.

Ар кандай оорулардын 85 пайызы суу аркылуу таркайт. Суу жүрөк оорусун басаңдатат. Ал үчүн күнүнө 5-6 стакан суу ичип жүрүү керек. Адам өмүрүнүн аягына чейин 35-40 тонна суу ичет. Эң кымбат суу Американын Лос-Анжелес шаарында литри 90 доллардан сатылат. Суу күйөт. Суунун суюк түрүнүн 5 формасы, ал эми тоңгон абалынын 14 түрү атайын изилдөөлөрдө аныкталган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.