Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Мындай чечимди 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Эки эл өкүлүнүн баш коргоо чарасы каралып жаткан учурда сот имаратынын алдында алардын ондогон тарапкери чогулуп, бошотууну талап кылып турду.

Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда атайын кызматка сурак беришкен.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров КСДП фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

31-майда “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда жемкорлук фактысы боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев дагы камалды. Пирматов менен Узакбаев Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Коррупция) негизинде кылмышка шектелип, УКМКда сурак бергенден кийин кармалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.