«Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугу жана азыктануу»  боюнча форум болуп өтүп, анда кырдаалды жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү каралды. Анда 2019-2003-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу жана азыктануу боюнча Программанын долбоору сунушталды.

Форумдун жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин депутаттары, азык-түлүк коопсуздугу боюнча Евразиялык борбордун өкүлдөрү, донордук уюмдардын, бизнес ассоциациялардын, академикалык жана жарандык секторлордун өкүлдөрү катышышты. Форумдун негизги максаттарынын бири бул  азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү жана азыктануунун сапатын жакшыртуу чөйрөсүндө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан бийлик органдары менен башка тараптардын ортосундагы ишмердикти көзөмөлдөөнү жана интеграциялоону жакшыртуу.

Форумда Мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугу жана азыктанууну жакшыртуу чөйрөсүндөгү саясат жана  калктын азыктануусунун сапатын жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугуна жетишүүгө катышып жаткан бардык тараптардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана интеграциялоо тууралуу суроолор каралып, резолюция кабыл алынды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз