“Кыргыз кызына үйлөнүп,Баткенге күйөө бала болдум”,-дейт өзбек улутундагы ырчы Азиз Батыров. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлүп, кыргыз тилинде макалдаштырып, суудай сүйлөп, комуз чертип ырдап келет. 

Батыров кыргыздын желегин бир нече эл аралык сынактарда желбиретип, баш байгелерди багындырып келет. Анын айтымында, улуту өзбек болгону менен жүрөгү кыргыз деп согот.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.