Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Аалиев 2020-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген. Ага чейин фонддун башкармалык мүчөсү, өкмөттүн финансы жана насыя саясаты бөлүмүн башкарган.

Белгилей кетсек, Аалиев Айбек Жунушалиевдин ордуна келди. Жунушалиев 12-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Бишкек мэринин милдетин аткарып, 26-августта мэр болуп шайланган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.