Азыркы учурда «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш. Мындай билдирүүнү УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ошону менен бирге, 2019-жылдын 2-декабрындагы “Азаттык Медиасынан” келген катта, аталган журналисттер чет өлкөдө жүргөндүгүнө  байланыштуу скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүү даярдыгы белгиленген. Бирок, Кыргызстандын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 194-беренсине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейбиз.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип берүүсүн камсыз кылууну сурайбыз.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.