Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Азамат Байматов “Дордой” клубу менен келишимдин убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу клубдан кетти. Бул тууралуу соцтүйүндөргө жарыяланды.

Эске салсак, Азамат Байматов аталган клубга үстүбүздөгү жылы кошулуп, жалпы 22 оюн өткөргөн. Анда жалпы 3 гол киргизип, 2 жолу голдук пас жарата алган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.