Тажикстандын Панж аймагында милиция жергиликтүү тургунду колго түшүргөн. Ал базардагы дүкөндөргө от коюп жиберген деген айып менен кармалган. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыкты.

Окуя жаңырган жылдын 2-январга караган түнү катталган. Тергөө иштери жүргүзүлүп 40 жаштагы Азимжон Ражабов деген  жаран колго алынган. Анын айтымында аялын кызганып ушул жолго барган. Жубайы өрт коюлган дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеген.

Тилсин жоонун кесепетинен 3 дүкөн күлгө айланган. Учурда Ражабовго кылмыш иши козголуп, тергөө абагында. 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз