Учурда авто унааларды кайра каттоонун мөөнөтү аяктап бара жаткандыгы айдоочулардын суроо талаптарын жаратууда. Анын мөөнөтүн узартуу боюнча пикирлер да жок эмес. Андыктан бул тууралуу биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов  автоунааларды жеңил шартта кайра каттатуунун мөөнөтү узартыларын маалымдоодо. Ал маалыматтарга караганда, коомчулуктун суроо талаптарына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы аны узартууну сунуштап жатат.

Эске сала кетсек, 2-июлда автоунааларды арзан баада кайра каттатуу мөөнөтү аягына чыгат. Өкмөт май айында 3 айлык акция жарыялап, жеке унааларды кайра каттоонун акысын үч эсеге арзандаткан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.