Бишкекте 20-майга караган түнү саат 00:40 чамасында автокран менен жеңил унаа кагылышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

25 жаштагы айдоочу А.Масалиев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй автокранды башкарып бара жатып, Тыналиев көчөсүнөн солго бурулганда карама-каршы багытта келе жаткан 24 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы “БМВ 530” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Натыйжада “БМВ 530” унаасындагы эки жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.