“Avia Traffic” компаниясы учак жетишпей жатканына байланыштуу Ош-Москва багытындагы эки каттамын токтотту. Ош аэропортунун сурап-билүү кызматы билдиргендей, 1-октябрда №741 жана 747 каттамдар учпай калды. Жүргүнчүлөр кийинки каттамдарга которулууда.

“Avia Traffic” компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров учак жетишпей жатканын, жүргүнчүлөр башка учактарга которулуп, кетпей калгандар мейманкана менен камсыздаларын айтты. Бирок канча жүргүнчү билет алганы тууралуу маалымат бериле элек.

Каттамдар токтотулары тургандыгы жөнүндө жүргүнчүлөргө алдын-ала маалымат берилген эмес. Алар бул тууралуу аэропортко келгенде гана билишкен. Алик Аскаров канча жүргүнчүгө билет сатылганы тууралуу компанияда маалымат жок экенин айтып, аларга эмне үчүн алдын-ала кабар берилбегенине жооп берүүнү каалаган жок. Анын айтымында, каттам жадыбалы жарым жыл мурда түзүлгөн.

Булак “Азаттык”

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.