Кыргызстанда август айынан тартып “кефир” сүт азыгы “кефир азыгы” деп атала баштайт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин техникалык регламент жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Шабданов  билдирди.

Ал маалымдагандай, азыктын атынын өзгөрүшү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) техникалык регламентинин талаптарына байланыштуу, ошондуктан коркуунун эч кандай кажети жок.

“12-августта сүт жана сүт азыктарынын техникалык регламент боюнча өткөөл мезгили аяктайт. Жаңы техникалык регламенттер күчүнө кирет. Бул датадан тарта кефирди өндүрүүдө стандарттык технологиялар колдонулат. Буга чейин сүт азыктарын өндурүүдө улуттук регламент болгон”,-деди Шабданов.

Кыргызстан ЕВЭБге 2015-жылы 12-августта толук кандуу мүчө болуп кирген.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз