Ички дүң продуктуну, алдына ала баалоо боюнча, 2019-жылдын январь-августунда 334 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2018-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 6,2 пайызга өстү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсептебегенде, 2019-жылдын январь-августунда ИДП 298 миллиарддан ашык сомду түздү жана 3,0 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 169 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2018-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 17,0 пайызга өстү, бул негизинен металл өндүрүүнүн (42,7 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн (36,1 пайызга), металл рудаларын казуунүн (27,6 пайызга), чийки мунайзат жана жаратылыш газынын (15,6 пайызга), химиялык продукцилардын (11,2 пайызга), ошондой эле көмүр казуунун (6,2 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен болду.

Айыл чарбасында, анда анын көлөмдөрүнүн өсүшү 1,6 пайызды түздү, курулушта – 7,8 пайызга, дүң жана чекене соода тармактарында – 4,9 пайызга өсүшү менен оң тенденциялар катталды.

Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып (өткөн жылдын декабрына салыштырганда)  керектөөчү баалар жана тарифтер жалпы республика боюнча 0,3 пайызга жогорулады.

Республиканын тышкы соода жүгүртүүсү, алдына ала маалыматтар боюнча,  2019-жылдын январь-июлунда 3,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 6,9 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 9,1 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 11,8 пайызга кыскарды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз