Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуров Кыргызстан келечекте Орусиянын карамагында болуш керек дегендей маек берип, коомчулукту бир топ дүрбөлөңгө салып койду.
Аттокуров учурда Орусиянын жараны.
Андыктан ал кыргыз элинин каалоолорун ортого салып айтууга эч укугу жок.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө Аттокуровго окшогон чала мекенчилдер доо кетирбеши зарыл.
Улуттук ар намысы тайкы адам гана ошондой ой жүгүртөт.
Кыргызстанды дале чоңураак бир өлкөлөрдүн курамынан көргүсү келген көр пенделерге катуу туруу зарыл.
Мындай учурда тиешелүү мамлекеттик органдар дароо үн чыгарып, антип айткан Аттокуровду айыптап чыгыш керек болчу.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.