Ошто Өзбекстандан контрабанда жолу менен товар ташыган жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Маалым болгондой, аталган кылмыш ишине кызмат адамдарынын тиешеси бар экендиги аныкталган. “Каржы полициясынын Ош шаарындагы башкармалыгы тарабынан системалуу түрдө күнүмдүк колдонуучу товарларды контрабанда жолу менен ташуу фактысы аныкталып, “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча тиешелүу иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.