Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 697 миң 270 сомдук аткез товар кармалды. «Баткен» бажысынын кызматкерлери Баткен шаарынын тургуну «Вольво» жүк ташуучу унаасынан коңшу өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 миң 647 килограмм жүзүм жана курма табышты. Кармалган товардын жалпы наркы 697 миң 270 сомду түздү. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

АТКЕЗ ТОВАР

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.