Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жалпысынан 14 кылмыш иши боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев кабарлады.

Биринчи иш кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган. Анда Атамбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча айып тагылган. Аны ИИМ тергеп жатат.

13-августта Башкы прокуратура 7-8-августтагы окуялар боюнча бир нече иш сотко чейинки тергөөгө алынганын маалымдап, Атамбаевге бир нече оор кылмыштарды жасаганы боюнча билдирүү берилген. Бул иштерди ИИМ карап жатат. Слесарев бул иштер боюнча беш берене менен тергөө жүрүп жатса, жалпысынан 9 кылмыш иши тууралуу сөз болуп жатканын түшүндүрдү.

14-августта Аскер прокуратурасы мурдагы президент Атамбаевге “Медиа Форумдун” имараты жана Бишкек ТЭЦтин модернизациясы боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилгенин кабарлаган. Эки иш тең “Коррупция” беренесинин алкагында тергелүүдө. Бул айыптоолор Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын корутундусунда да белгиленген болчу. Эл өкүлдөрү Атамбаевдин беш кылмышка тиешеси болушу ыктымалдыгын айтышкан.

Бүгүн, 15-августта, Аскер прокуратурасы Атамбаевге Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча дагы эки билдирүү берген. Кой-Таштагы жер тилкеси мыйзамсыз берилип кеткен деген айыптоо депутаттык комиссиянын корутундусунда да айтылган. Азыр бул иштер экиге бөлүнгөн. Биринчиси, мыйзамсыз сатып алуу, экинчиси, мыйзамсыз түрдө ижарага берүү. Эки иш тең “Коррупция” беренеси боюнча каралып жатат.