Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматынан кетти.  Бул тууралуу федерациянын расмий сайтына жазды.

Султанов аталган кызматка 2012-жылы шайланып, кайрадан эле төрт жылдан кийин 2016-жылы ал экинчи ирет шайланып келген. Мөөнөтү бүткүчө эле бирок өз эрки менен  кетип жатканын билдирди.   Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы. Буга чейин федерациянын ишиндеги бир катар маселелерге байланыштуу анын дарегине нааразы пикирлер айтылып келген.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз