21-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып, эки кылмыш иши жокко чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынын өкүлү билдирди.

Атамбаевден Калыс-Ордодогу мектеп жана он түрк жаранына паспорт берүү боюнча кылмыш иши алып салынды. Белгилүү болгондой, ал бир жылдан ашык убакыттан бери камакта.

Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов 2020-жылдын 10-октябрында кармалган. Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренеси жана 303-беренеси боюнча айыпталуучуну бир жылдан ашык убактылуу кармоочу жайда кармоого болбойт.

Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция, түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү жана 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.