Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланган “Экс-президент Алмазбек Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды” деген маалымат  интернетке чагылгандай тез тарады.

Маалыматта үстүбүздөгү жылдын  5-майында сот Алмазбек Атамбаев 238/1-берене (мас абалында транспорт каражатын башкаруу) боюнча айыпталып, 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганы жазылган.

Бирок SUPER.KG порталына Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айткан. Анын айтымында бул колунда бийлиги бар, чагымчыл күчтөрдүн кылган аракети деп кошумчалаган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы да аталган маалымат жалган экендигин билдирди. Ошондой эле, аталган башкармалыктын расмий сайтына бузуп кирүү болгонун жана бул ким тарабынан жасалганы изделип жатканын айтышты.

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз