Фейсбукка журналист Элнура Кулуева өзүнүн жеке баракчасына “хирургдардын атасы, академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев 30 миң операция жасаганы үчүн Гиннес рекорддор китебине киргени турат. Мына позитив жаңылык!” – деп жагымдуу маалыматты жар салды. 

Соцтармактын колдонуучулары да бул кабарды кубатташып, каалоо-тилектерин жазып жатышат.

Академик Мамбет Мамакеев 3 номинация боюнча сунушталып жатат. 

Журналист Элнура Кулуева да “бул боюнча процесс жаз айларында башталат экен” деп кошумчалады.

Белгилей кетсек даңазалуу хирург, дарыгерлердин сап башы, миңдеген бейтаптарга шыпаа берген Мамбет Мамакеев 65 жылдык иш тажрыйбасында 30 миңге чукул операция жасаган. 

 

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз