Ат-Башы районунда таажылуу вирус жуктурган бейтаптардын баары айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районунда жалпы 77 киши вируска чалдыккан.

Кечээ, 22-майда акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды.

Ал, илдеттин жайылышын токтотуу үчүн иш алып барган медицина, милиция, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле тартипти сактаган район элине ыраазычылыгын билдирди.

Ошону менен бирге ал таажылуу вирустун жайылуу коркунучу дагы деле бар экенин айтып, жарандарды себепсиз үйдөн чыкпоого чакырды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.