Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Айтматов өрнөгү” аттуу эл аралык жыйын Астанадагы улуттук академиялык китепканада өттү. Ааламга белгилүү жазуучунун 90 жылдыгына арналган бул иш чарага Кыргызстан менен Казакстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, таанымал окумуштуулары менен акын-жазуучулары катышты. Аны менен катар “Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу” аталыштагы китебинин бет ачаары болуп өттү

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.