Бишкек шаарындагы Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда 2-курстун студенти каза болду. Бул тууралуу маалыматты окуу жайдын жетекчилиги ырастады.

Бүгүн, 25-сентябрь күнү  таңкы саат 7:00 чамасында С.И аттуу курсант  көз жумган. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, курсант өз өмүрүнө кол салып өрт өчүрүүгө колдонулуучу тепкичтен кулап кеткен.

Бирок Башкы штаб өз өмүрүнө кол салган дегенди четке какты. Алардын билдирүүсү боюнча, курсантты өзүн жоготуп койгон жеринен табышкан. Ал тез жардам келгенге чейин каза болуп калган. Мекеме өкүлдөрү учурда тергөө иштери башталгандыктан кененирээк комментарий берүүдөн баш тартты.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө караштуу Аскер институту Коргоо министрлиги, УКМКнын Ички аскерлери, Чек ара аскерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жазаларды аткаруунун мамлекеттик кызматы үчүн адистерди даярдайт. Окуу жай жылына 300дөй студентти кабыл алат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз