УКМК депутат Аскарбек Шадиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкүн камакка алды. Кеп банк эсептери, батирлер, үйлөр жана 12 ири компаниядагы үлүштөр тууралуу болуп жатат. 

Шадиев 6-апрелде биринчи вице-премьер-министрлик кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Бирок, депутаттык мандаты аны менен. Апрелдин аягында ага карата КР Кылмыш жаза кодексинин 304- беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат. Парламенттин Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлгөн  2 млн 61 миң сому дайынсыз кеткен, экс-вице-премьер-министрге козголгон кылмыш иши да ушул изсиз кеткен акчанын негизинде болгон. 

Учурда Шадиевдин кайда экени белгисиз. Айрым маалыматтар аны эчак эле өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлашууда. Бир гана УКМКнын маалымат кызматы анын Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенине ишенбей жатат. 

Ал эми жардамчысы 27-апрелде эле анын чет өлкөгө дарыланууга кеткенин жарыялаган. 

-Анын жүрөгү ооруп жатат. Көп жылдан бери ушундай дарты бар. Операция жасоо керек болгондуктан чет өлкөгө кетти. Бирок, кайсы өлкө экенин так айта албайм, – деген жардамчысы. 

 Колу таза эмес аткаминерлер эреже болуп калгандай мамлекеттик казынага кол салат, ар кандай тендерлердин эсебинен нан табышат, жерлерди мыйзамсыз сатуу менен алектенишет жана алтын кендерди да иштетүүгө берүүдөн пайда өндүрүшөт. Шадиев тууралуу айта турган болсок, эксперттер мынча мүлктү таза эмгек менен табуу мүмкүн эместигин белгилешет. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келаткан Аскарбек Шадиев абдан бай аткаминерлердин бири. Ал бир нече жолу депутаттыкка шайланып, парламенттик маанилүү комитеттердин төрагасы болгон, андан кийин кызматтык тепкич биринчи вице-премьерликке да жеткирди. 

Коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган дагы бир маселе – бул мамкызматкерлердин киреше тууралуу декларация системасы. 2004-жылдан тартып жыл сайын аткаминерлер мүлктөрүн тизмелешет. Аскарбек Шадиевдин декларациясынан учурда камакка алынган мүлктөрүнүн баары табылбайт. Ошондон улам башкы суроо жаралат – Шадиев кантип байыган? Бирок, жооп жок… 

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.