Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканада жатат. Бул туурасында анын кесиптештери билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ 26-июнь күнү Бишкектин Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда эки жеңил унаа катуу сүзүшүп, анын кесепетинен 3 адам жаракат алган.
Тойота камри үлгүсүндөгү унаада ырчы Асел Кадырбекова болгон. Ал учурда калаадагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эс учун билбей жатканы кабарланды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.