“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы Бишкекте Мурманск көчөсү 30Б дарегинде көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан кошумча кампа ачылганын билдирди.

Мындай чечим 16-ноябрда иштей баштаган алгачкы сатуу жайында кезек күткөндөр көп болгонуна байланыштуу кабыл алынды.

Өкмөт 16-ноябрда Мурманск көчөсү, 1б/1 дарегинде Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасын 3000 сомдон сата баштаган. Алармандар көп болуп, кезекте тургандардын саны 700 кишиге чейин жеткен.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.