Армян өлкөсүндө бир нече күн оппозициялык митингдерди өткөзүп жаткан оппозициялык лидер Никол Пашиняндын талапкерлигин Армян парламентинде 59 депутат колдоп добуш берди. 43 киши «каршылыгын» билдирди.

Пашиняндын жеңгени белгилүү болгондон кийин аянттагы эл бирин-бирин куттуктап, майрамдай башташты.

Бир апта мурун парламенттеги көпчүлүк, экс-прмьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы Пашиняндын талапкерлигин өткөрбөй койгон.

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз