Өлкөдө жыл санап алкоголдук ичимдикке көз каранды болгон аялдардын катары калыңдап баратат. Буга көпчүлүк дарылануу жайларындагы орундардын жетишсиздиги мисал боло алат. 2017-жылдын ичинде республика боюнча 100 миң адамдын ичинен 1368 адам ичкиликке көз каранды болгону аныкталса, бул көрсөткүчтүн саны 2016-жылы 1697 адамды түзгөн. Мурунку жылдарга салыштырмалуу спирт ичимдиктерин ичкендердин саны азайганы менен аялдар арасындагы ичкиликке берилгендердин саны өсүүдө дешет адистер. Мындан тышкары, дарыгелер клей, бензин, ацетон жыттаган өспүрумдөрдүн көбөйгөндүгүн белгилешүүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.