Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Апрель баатырлары эскерилди. Ага премьер-министр Сапар Исаков, парламент төрагасы Дастан Жумабеков, президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев, ЖК депутаттары катышышты. 

Депутат Рыскелди Момбеков Апрель баатырларына атайын макам берүү керек дейт. 

“7-апрелди эс алуу күнү кылдык, бирок макамды кайтарбадык. Апрель окуясынын баркы болбосо, бийликтин да наркы болбойт”, – деди депутат. 

Бул иш чара “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.