Укук коргоо кызматкерлери “Антошка” кафесин ижарага алып иштеткен адамды кармашканын шаардык милиция билдирди. Ал маалыматтарга караганда, ижарага алган адам 55 жашта. Иликтөө иштерине байланыштуу анын аты – жөнүн укук коргоо органдары ачыктай элек. Өрт коопсузудугун сактабагандыгы боюнча кылмыш иши козголгон.

Эске сала кетсек, 8 – ноябрь күнү “Антошка” кафесинде өрт чыгып, жарылуу болуп, бир адам каза болгон. Бир нече адамдын денеси өрттөн жабыркаган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.