Амстердамдагы Сипхол аба майданында эки учак кагышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Кагылыш аба лайнерлери асманга көтөрүлүүгө аракет кылып жаткан кезде болгон. Кырсыкка кабылган учактардын бири — «KLM» авиакомпаниясына таандык «Boeing-737-800» учагы Мадридге учуу алдында турган. Кагылыштан соң, жүргүнчүлөрдү башка учакка которууга туура келген. Экинчи «Airbus A-320» учагы Лондонго жөнөп кеткен.

Кырсыктан олуттуу жаракат алгандар катталган эмес. Анын себеби катары аэропорттогу жумушчулардын иш графиги туура келбегендигинен келип чыкканы айтылууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз