Америка Кошмо Штаттарындагы кыргыз диаспорасы 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Нью Йорк шаарындагы башкы кеңсесинин алдына акциясына чыгышты. Алар 28-29-30-апрель күндөрү чек арада болгон куралдуу кол салууда тажик тараптын карапайым калкка ок атканын айыпташты.

Акцияга чыккандар чек арада өмүрү кыйылган жеткинчек кыз Мадинанын жана чырдын айынан ооруканага жетпей каза болгон беш жаштагы баланын сүрөтүн кармап турушту. Уюштуруучулардын айтымында, кыргыз диаспорасы Баткенде жапа чеккен тургундарга жардам катары 86 миң доллар чогултушкан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.