Учурда Жогорку Кеңеште Өкмөт өткөн жылдагы мамлекеттик казынанын аткарылышы боюнча маалыматтын берип жатат.

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек  Сулайманов: “Кечээ бюджет маселесинде Бажы биримдиги боюнча айтылган.  Анда мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариевдин аты аталган. Темир Сариев бүгүн, кечээ бул жерде айтылганга жооп берди. Ал киши “Бажы биримдигине киргенибиз тарыхый туура чечим болду. Муну тарых тастыктап жатат. Көп ийгиликтерге жетиштик. Кыргыз – Орус фондусуна 500 млн. доллар алып келдик”- деди.

Бул ишке тарых дагын өз баасын толук берет. Кыргыз –Орус фондусуна бөлүнгөн 500 млн. доллар толук иштетиле элек.  Анын элге берүү мехнизми толук чечилбей калган. Байлар гана ала турган болгуп калган. Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү ал каражатты алып, иштетише алышпайт.

Темир Сариев  Бажы биримдигине кирип жатып, “Россиядан 200 млн. доллар грант алганбыз”- дейт. Ал гранттын баш аягы жок. Ал каражаттар Бажы тармагындагы мекемелерди шартка ылайыкташтырууга, оңдоого жумшаш керек болчу.

Эски машиналарды сырттан алып келгенге бөгөт койдук – деди. Бажы биримдигине киргенге чейин 10 миң жараныбыз машиналарды ташып келсе, Бажы биримдигине киргенден кийин алардын баары жумушсуз калды. Мурда бул тармактан жылына  15 млрд . сом жылына өлкөбүзгө түшүп жаткан. Бул пайда эмеспи?

Мен ал кишини мыкты экономисттердин катарына кошчу элем. Эми башкача ойлой баштадым. Бажы биримдигине кирүүдө президенттик шайлоодо ойлоп, Кыргызстандын кызыкчылыгы сыртта калган.

Азыркы өкмөт Сариевдин өкмөтү кетирген кемчиликтерди ордуна келтириш керек. Финполция, Башкы прокуратура бул иштеши иликтешин суранам.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.